Мектеп тамак-ашы боюнча Республикалык компетенциялар борбору биринчи угармандарды чыгарды

Бул жайы мектеп ашпозчулары убакытты бекер коротушкан жок. Окуучулар эс алып, жаңы окуу жылдын алдында күч-кубат топтоп жатышканда, алардын Бишкек жана башка региондордогу мектеп ашканаларынын ашпозчулары пайдалуу жана даамдуу тамак-аштарды жасоодогу билимдерин жана жөндөмдөрүн жогорулатып турушту. 

Өткөн жылдын күзүндө ачылган КМТУнун алдындагы мектеп тамак-ашы боюнча Республикалык компетенциялар борборуна жүздөн ашуун адам квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүүгө арыз беришкен. 

Июлдан августка карай кезек менен эки айдын ичинде курс өтүп жаткан угармандар 5 агымга бөлүштүрүлдү. 6-июлда эле биринчи агымга «Азык-түлүк сырьесунун жана тамак-аш продуктуларынын коопсуздугу» программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды. Сертификаттарды окуу ишмердүүлүгү боюнча унивверситеттин проректору Римма Элеманова тапшырды. 

Курстун программасы кантип түзүлгөн

Угармандар курстарга дүйшөмбүдөн бейшембиге карай барып жатышты. Биринчи күнү «Коомдук тамак-аш продуктуларынын технологиясы» кафедрасынын улук окутуучусу Элиза Абакирова «Дени сак тамактануунун концепциясы» темасында тренинг өткөрдү.  

Курстун экинчи күнү «Тамак-аш блогунун кызматкеринин иш ордун уюштуруу» суроосуна арналган. 

Андан кийин практика күндөрү болду. Угармандар өздөрүнүн мектеп ашканасынын тамак-аш блогун чийип, машыктыруучу менен биргеликте кесилишүүгө жол жок болгон технологиялык агымдарды таап, технологиялык процесстин ар бир фазасындагы критикалык көзөмөлдөө чекиттерин аныктап, көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштешти.  

Азыр мектепте орнотулуучуларга окшош жабдыктарда кесипкөй ашпозчу Ильхом Икрамовдун жетекчилигинин астында угармандар биринчи, экинчи тамактарды, ун азыктарын жана ысык суусундуктарды жасоого үйрөнүштү.  

Окутуунун жыйынтыгында бардык угармандар тестирлөөдөн өтүп, өздөрүнүн квалификацияны жогорулатуу боюнча сертификаттарын алышты. 

«Биздин Кыргызстандын мектептериндеги тамак-аштын сапатын жогорулатуу жана ашпозчуларды окутуу максатындагы миссиябыз уланууда» – дейт Республикалык компетенциялар борборунун директору Мунара Азисова. 

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа