Бул жазда Чүй жана Ош облустарынын мектептеринде 3-4-класстардын 1100дөн ашык окуучулары тамак сиӊирүү тутуму боюнча кызыктуу саякатка чөмүлүштү. Мугалимдер өткөн жылы БУУ ДАТПтын россиялык Тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте жасаган «Биздин ичибиздеги жашыруун лаборатория же биздин организм тамакты кантип сиӊирет» мультфильмин колдонуу менен класстык саатарды өткөрүп, пайдалуу тамак-аш дүйнөсүнүн жол көрсөтүүчүлөрү болушту.
«Туура тамак сиӊирүү айлыгы» аттуу агартуучулук кампания 19-апрелден 18-майга чейин өтүп жатты жана Кыргызстандагы мектеп тамак-аш улуттук программасын колдоочу эӊ маанилүү майрамдардын бирине – Эл аралык туура тамак сиӊирүү күнүнө (29-май) жана Эл аралык үй-бүлөлөр күнүнө (15-май) арналган.
Класстык сааттардан сырткары, программада ата-энелер үчүн когнитивдик семинарлар жана үй-бүлөлүк туура тамак сиӊирүү фестивалы болду. Бардык иш-чараларды жалпы идея бириктирип турду – жеткинчек мектеп окуучуларын жана алардын ата-энелерин ден соолукту сактоо үчүн балансталган, теӊ салмактуу тамак-аштын пайдасына туура тандоо жасоону үйрөтүү.
Чынында сонун класстык сааттар
Ар бир бойго жеткен адам түшүнө албаган тамак сиӊирүүнүн татаал процессин кичинекей балага кантип түшүндүрө алабыз? Балдардын тилинде сүйлөө жана оюн, мультфильмдер, жандуу баарлашуу жана жаркын эксперименттер менен ассоциациялар аркылуу татаал нерселерди түшүндүрүү аркылуу.
Интерактивдик класстык саат көпчүлүк учурда балдардын топтордо иштөөсүнө негизделген. Мугалим мультфильмдин бир бөлүгүн көрсөткөн, андан кийин бүт класс үзүндүнү талкуулап, тапшырма аткарып же суроолорго жооп берип, андан кийин көрүүнү уланткан. Топтордо иштөө окуучулардын атаандаштык рухун жандандырып жатты: алар тапшырмаларды болушунча тез жана туура аткарууга жана мугалимдин суроолоруна жооп берүүгө аракет кылышты.
Сабактын аягында окуучулардын көпчүлүгү тамак сиӊирүү системасындагы органдарды жана алардын функцияларын атап чыгууга, ирети менен организмге түшкөн тамак-аш азыктарынын өтүүчү жолун баяндап берүүгө жана адамдын ден соолугуна пайдалуу жана зыяндуу азык-түлүктөрдүн тийгизүүчү таасирин түшүндүрүп берүүүгө жөндөмдүү болушкан.
Ата-энелер менен туура тамактануу жөнүндө сүйлөшүүлөр
Көпчүлүк ата-энелердин айтымында, алар: «Кезектеги ата-энелер чогулушу» – деп, семинарларга баргысы келбей келишкен. Бирок, семинарлардын жүрүшүндө, алар кубаныч менен бул андай эмес экенине ынанышты.
Мектеп классында аларды мугалип тосуп алып, ДАТП жана SIFI атайын иштеп чыккан материалынын негизинде маектешүү жана оюн форматында ата-энелер менен туура тамактануунун негиздерин талкуулады. Дени сак табактын принциби жана ичүү режими, ошондой эле тамак-аштагы аш болумдуу заттарды, витаминдерди жана минералдарды максималдуу сактоо үчүн тамакты кантип туура даярдоо керектиги жөнүндө да сүйлөшүштү.
Семинарларда бүткүл үй-бүлөнүн туура тамактануу суроолорун кызыгып окуу үчүн жардам берген жагымдуу достук атмосферасы өкүм сүрүп жатты. Алардын көпчүлүгү кубаныч менен семинарды өткөрүүгө активдүү катышышты. Ошентип, Ош шаарынын 24-партсъезд атындагы №27 мектепте апалардын бири комуз музыкалык аспабын ала келип, семинардан кийин башка ата-энелерге чертип берди.
Ал эми Кант шаарынын Зубков атындагы мектебинде ата-энелер семинарга алдын-ала даярданышкан: презентация жасап, жашылча жана жемиштерден пайдалуу смузи жасап, калган катышуучуларга ооз тийгиздиришти.
Ата-энелердин бир гана каалоосу болду: ата-энелер чогулуштары гана эмес, мындай семинарлардын бат-баттан өткөрүлүп туруусу,
Үй-бүлөлүк фестиваль
«Туура тамак сиӊирүү айлыгы» Чүй облусунун Кант шаарындагы №1 Д.Зубков атындагы мектеп-гимназиясында жана Ош шаарындагы 24-партсъезд атындагы №27 мектепте аяктады. Майрам квест форматында өттү.
Ар бири үч чоң кишиден жана үч баладан турган үч тайпа адамдын тамак сиңирүү процессинен өткөн жашылча-жемиштер эмне болорун элестетиши керек болгон. Бул үчүн тайпалар тамак сиңирүү тутумунун негизги органдарын туураган станциялардан ылдамдык менен өтүп, алардын аткарган функцияларына байланыштуу тапшырмаларды аткарышы керек эле. Жеңүүчү тайпа бардык тапшырмаларды эң ылдам аткарган жана эң аз ката кетирген топ болду.
Эки мектепте тең майрам мектептин спорт аянтчасында өттү. Иш-чара башталар алдында оюнчуларды квест-оюнду ийгиликтүү өтүп, аяктоого шыктандыруу үчүн аниматорлор көрүүчүлөрдү жалындуу флешмобдор менен жандандырышты.
Бардык оюнчулар биригип, класстык сааттарда жана семинарларда айтылган бардык нерселерди эске салып, сыноолордон өтүү керек болгон.
«Алманы» ооз көӊдөйүнө ыргытуу.
Сабиз формасындагы пиньятаны талкалап, «азыкты майдалоо».
Тамак-аш рецепторлоруна айланып, организмге зыян эмес, пайда алып келүүчү азык-түлүктөрдү тандоо.
Ылдамдык менен «кызыл өӊгөчтөн» өтүү.
«Былжыр» жана «туз кислотасы» жазууларынын ортосунда тандоо жүргүзүп, туз кислотасынан «карындын капталчаларын» туура боёк менен боёп, коргоо.
Ичеги-карындын толук узундугун (6 метр) станциянын аянтчасында катылган антистресс түтүкчөлөрүнөн чогултуу.
ϴттүн башкы функциясын эстеп, майды «эритип», башкача айтканда, организм менен анын оӊой сиӊирилүүсү үчүн талкалоо.
«Боорго» айланып, «канды» зыяндуу заттардан, таӊылган көздөр менен «пайдалуу заттарды» гана – шариктерди – чакага чогултуп, тазалооо.
Азык-түлүктөрдү эки топко бөлүштүрүү: ашказандын жакшы иштөөсүнө жардам берген клетчаткага бай жана клетчаткага жарды же ал таптакыр жок болгон азыктар.
Бардык оюнчулар татыктуу жана тайманбастык менен бардык сыноолордон өтүштү. Жеңүүчүлөргө канцелярдык буюмдар салынган рюкзактар, кызыктуу окуялар жана туура тамактануу темасындагы тапшырмалар камтылган сергек жашоо календарлары, ДАТП SIFI менен биргеликте иштелип чыккан ата-энелер жана балдар үчүн рецепттер китеби тапшырылды. Кичинекей күйөрмандар жана көрүүчүлөр да күн бою ар кандай түстөгү жашылча-жемиштерди жеш үчүн “Табактагы асан-үсөн” муздаткыч магниттерин алып, четте калышкан жок.
Фестиваль достук урааны менен аяктады: “Пайдалуу тамактануу — даамдуу жана кызыктуу!»
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio