ҮЙРӨНҮҮ КЫЗЫГУУ МЕНЕН БОЛУШ КЕРЕК: МУГАЛИМДЕРДИН “ТУУРА ТАМАКТАНУУ ЖӨНҮНДӨ МЫКТЫ САБАК” СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Туура тамактанууга арналган класстык саатын мугалимдер сынагынын катышуучусу орто кылымдын окумуштуусу, философ жана дарыгер Абу Али ибн Синанын : “ Өмүрдүн эң башкы байлыгы сен басып алган жер эмес, сандыкта каткан байлыгың эмес. Эң башкы байлык – ден соолук. Ден соолукту сакташ үчүн көп нерсени билиш керек”- деген сөзү менен баштады.
Сынакты Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык – түлүк программасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги жана Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте уюштурган.
Кыргызстанда дээрлик он жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан мектеп окуучуларынын тамагын оптималдаштыруу программасы башталгыч мектептин окуучуларын ысык тамак менен гана камсыз кылбастан, туура тамактануу принциптерин үйрөтүүнү да камтыйт. Балдар берилген маалыматты оңой жана эркин кабыл алып, окуу кубаныч тартуулаш үчүн аларга өзгөчө мамиле керек.
Эң башкы максат – балдарды бул темага тартып, кызыктыруу, чоң адамдардын акыл айтуусу жок эле кичинесинен эле туура тамактануу менен өз ден соолугун сактоого шыктандыруу.
Сынак үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган. Кичинекей мектеп окуучуларынын насаатчылары туура тамактануу темасында эң кызыктуу сабакты иштеп чыгышмак жана бул сабак болгондо да, чыныгы автордук иштелме болушу керек эле. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык- түлүк программасы жана Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте тарткан “Ичибиздеги жашыруун лаборатория. Биздин организм тамакты кантип сиңирет?” аттуу мультфильмди сабакта көргөзүү сынактын шарттарынын бири болгон.
Тилекке каршы, сынакка катышкан иштелмелердин дээрлик көбү ( 86 сабак) автордук сабак эмес болуп чыкты. Көрсө, бизде окуучулар гана көчүрүшпөйт экен. А бирок , бул сынак заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу жана улуттук колоритти айкалыштыруу менен жаңы автордук усулдарды издөө максатындагы ой менен уюшулган. Калыстар тобу топондон данын бөлүп, сегиз финалистти чыгарып, алардын ичинен үч жеңүүчү мугалимди аныкташты.
Ошондой болсо да, финалдык сегиздикке кирбей калган иштелмелерде да кызыктуу педагогикалык идеялар табылды. Булардын арасында практикалык тажрыйбалар, балдар үчүн өзгөчө оюндар жана түркүн презентациялар болду. Бирок, усулдук талапты, педагогикалык чеберчиликти,өзгөчө ыкмаларды айкаштырган сабактар саналуу болду.
Ош шаарындагы No7 мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими Н.Каримова туура тамактануу боюнча сабагын кызыктуу квестке айландырды. Окуучулар эки топко бөлүнүшүп, суроолорго жооп берип, ар кандай тапшырмаларды аткарып, туура тамактануунун принциптери жөнүндө жаңы көп нерселерди үйрөнүшөт. Сабактын жүрүшүндө балдар кроссворд чечишип, табышмактарды таап, тамак-аштарды зыяндуу жана пайдалуу деп бөлүп, ден соолукка керектүү тамак-аш табагын чогултушат. Мелдеш элементи окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырат.
Чүй областындагы Сосновка мектебинин мугалими Говар Насрединова башталгыч класста эмгектенет. Сынакка сабактын иштелмеси менен бирге бул жылды классы менен кандай өткөргөндүгү тууралуу видео –роликти сунуштаган.Класстык саат чакан мультфильм көрсөтүүдөн башталып, жагымдуу маанай тартуулоо менен темага алып келет.Слайддагы кеңештер окуучуларга теманы ачып берүүгө жардам катары сунушталат. Сабактын жүрүшүндө гана эмес, окуучулар аны даярдоо учурунда да активдүү катышкан. Мисалы,окуучулардын бири күн мурун мектеп медайымынан видео-маек алыш керек. Албетте, үйрөнчүк журналист тарткан видеону бардык классташтары кызыгуу менен көрүшөт. Балдар ошондой эле интерактивдүү тактада иштөөгө кызыгышып, сабактын темасы боюнча ар кандай тапшырмаларды аткара алышат: мисалы, ден-соолукка пайдалуу тамак-аштын сүрөттөрүн карап, зыяндуу тамак-аштардан айырмалап бөлүшкөн.
Үмүт Тезекова – Ысык-Көл областынын Маман айылындагы мектептин класс жетекчи -мугалими. Ал өз классы үчүн класстык саатты кызыктуу, мазмундуу өтүп, эң негизгиси окуучулардын ар тараптуу иш-аракетине айлантты. 45 мүнөттүн ичинде окуучулар үй тапшырмаларынан сүрөттөрдүн галереясын түзүүгө, сабактын темасын аныктоо үчүн акыл чабуулун, дене тарбиялык тыныгуу жасоого, ребустарды чечмелөөгө жана өздөрүнө пайдалуу витамин салатын даярдоого жетишти. Мунун баары кандай болуп жатканын калыстар тобу автордун сабактын жүрүшүндөгү жаркын көз ирмемдерин чагылдырган видеосунан көрө алышты. Мындай класстык саат албетте, көпкө унутулбайт. Эң башкысы – сабакта алынган пайдалуу маалыматтар балдардын эсинде калат.
Үмүт Тезекованы курамына Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын , Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин жана Россиянын Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер кирген калыстар тобу башталгыч класстын окуучулары үчүн «Дени сак жашоо » темасы боюнча инновациялык усулдук иштелмелер сынагынын жеңүүчүсү деп аныктады. Экинчи жана үчүнчү орундар Н.Каримова менен Говар Насрединовага ыйгарылды. Алар да татыктуу сыйлыктарга: ноутбук, планшет жана смартфонго ээ болушту.
Кыргыз Билим берүү Академиясынын эксперти Вера Савочкина мындай сынактарды келечекте дагы өткөрүп туруш керектигин ишенимдүү айтты:
«Эгер кайсы бир мектепке барсаңыз, мектеп окуучуларынын ден соолугун чыңдоо жана сактоо боюнча бир топ иштер жасалып жатканын, бирок системалуу эмес экендигин көрүүгө болот. Бүгүнкү күндө, мектеп окуучуларынын арасында билим берүү системасы тарабынан сергек жашоонун принциптерин калыптандыруу ыкмаларына бирдиктүү мамиле, талаптар жок. Бул сынактар - кырдаалдан чыгуунун эң сонун жолу боло алат “.
Бул сөздөргө калыстар тобунун бардык мүчөлөрү кошулат деп ишенебиз.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio