2024-жылдын 29-октябрында Нарын шаары гастрономиялык ачылыштардын борборуна айланат – Ж. Шералиев атындагы Балдар искусство мектебинде “Алты даамдын сыры” аттуу үй-бүлөлүк фестиваль өтөт. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана Россиянын Тармактык тамактануу институту (SIFI) тарабынан быйыл уюштурулган бул иш-чара азык-түлүк коопсуздугуна жана ар бир адамдын туура жана жеткиликтүү тамак-ашка болгон укугу темасына арналат. Бул глобалдык идея балдар кечесине кантип ылайыкташат? Эӊ эле жөнөкөй! Ал оюн, көңүл ачуу жана даамдуу, ошондой эле ден-соолугубузга пайдалуу азыктар менен таанышуу иретинде жүргүзүлөт.
Балдар жана алардын ата-энелери үчүн фестиваль чыныгы укмуштуу окуя боло алат. Уюштуруучулар алты негизги даамдын (таттуу, кычкыл, ачуу, туздуу, өткүр жана оозду куруштуруучу) бири-бири менен байланышкан көптөгөн жигердүү кызык иш-аракеттерди ойлоп табышкан. Майрамдын башкы каарманы – “Сыйкырдуу бакчанын сырлары” эски китебинин ээси Зуура катышуучуларды оюн аянтчаларында жетектейт, алар ар кандай тамактардын даамын татып көрүп гана тим болбостон, азык заттардын биздин денебизге кандай таасир этерин жана эмне үчүн түрдүү тамактануу маанилүү экенин биле алышат.
Таттуу даам аянтчасында балдар таттуулук дайыма эле момпосуйда гана жашырылбай тургандыгы менен кошо бал, мөмө-жемиштер, ал тургай айрым жашылчалар канттын табигый булагы экендигинен да кабардар болушат. Кычкыл даам зонасында балдар тамак сиңирүүгө жардам берген азыктар менен таанышып, гастрономиялык жаңы айкалыштарды таба алышат.
Анткени менен фестивалда бир гана даам тууралуу жигердүүлүк болбойт. Балдар менен чоңдордун жаратылышты кантип сактап калууну жана айлана-чөйрөнү коргоого салым кошууну үйрөнүшүнө уюштуруучулар камкордук көрүшкөн. Мастер-класстарда катышуучулар пластик калдыктарынан кол өнөрчүлүк менен түрдүү бумдарды жасап жана эски буюмдарды кайра иштетүүнү өздөштүрүшөт. Бул ар бир адам планетабыз үчүн маанилүү бир нерсе жасай аларын көрсөтүүнүн эң сонун ыкмасы болуп саналат.
Бул жерде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнү темасы менен байланыш негизги жетекчиликке алынат: сапаттуу жана пайдалуу тамак-ашка болгон жеткиликтүүлүккө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун жана калдыктарды азайтуунун маанилүүлүгүнө эл аралык деңгээлде көңүл бурулат. Фестиваль тамак-аш биздин денебиз үчүн жѳн гана энергия болбостон, ал маданияттын, ден соолуктун жана келечек муундар алдындагы жоопкерчилигибиздин да маанилүү бөлүгү экенин үйрөтөт.
Балдардын ар бир аткарылган тапшырма үчүн тыйынга – оюн монеталарына ээ болушу жана аларды пайдалуу тематикалык сыйлыктарга: стол оюндарына, календарларга, магниттерге жана спорттук буюмдарга алмаштырууга ммкүнчүлүгүнүн болушу майрамга бир аз болсо да эрегиш же атаандаштык маанайын кошот. Мындагы балдардын өздөрү тапкан тыйындарына байгелерди тандап алуусу бул күндүн жагымдуу жыйынтыгына айланат.
“Алты даамдын сыры” фестивалы бүтүндөй үй-бүлө үчүн жаңы жагымдуу окуялардан болуу менен алардын азык-түлүк жана экология туурасындагы билимин өркүндөтүп, көптөгөн кызыктуу эскерүүлөрдү да тартуулайт.
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio