Мектеп тамагы тууралуу сөз болгондо, балдар үчүн эмне жакшы болот деген суроо жаралат. Кыргызстанда Билим берүү жана илим министрлиги өнөктөштөрү менен биргеликте мектеп тамагынын даамдуу, баланстуу жана өсүп жаткан организмге пайдалуу болушуна карата жигердүү иштеп жатат. Анын негизги багыттардын бири – башталгыч класстардын окуучуларынын ашыкча кант колдонуу деңгээлин азайтуу болуп калды. Анткени, балдардын организми “таттуу жүктөмдрдүн” кесепетинен корголууга муктаж экендигине макул болот болушуңуз керек.
Аз кант – көп пайда
Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектеп окуучуларынын тамактануусундагы канттын ашыкча колдонулушуна каршы күрөшүү боюнча жаңы чараларды сунуштады. Министрлик бул демилгени колдоп, бир катар конкреттүү чечимдерди белгиледи.
Өкмөттүн №532 токтому аркылуу кантты колдонуу боюнча жаңы чектөө киргизилди: эми анын нормасы мурунку 50 граммдын ордуна 30 граммды түзөт. Бул чоң жетишкендикке карай олуттуу кадам болуп калды, анткени ашыкча кант колдонуу семирүү, диабет жана башка ооруларга кабылуу коркунучуна алып келет.
Мектеп менюлары жергиликтүү кургатылган жемиштерден кант кошулбай кайнатылган компоттор менен толукталууда. Бул даамдуу эле эмес, пайдалуу да азык болуп саналат, анткени мындай суусундуктарда өсүп жаткан организмге абдан керектүү витаминдер сакталып калат.
Билим берүү жана илим министрлиги өнөктөштөрү менен биргеликте мугалимдерге жана ата-энелерге балдарды туура тамактандыруу адаттарына калыптандырууга жардам бере турган окуу материалдарын иштеп чыкты. Мисалы:
Ата-энелерге эмне кылуу керек?
Канттын ашыкчалыгына каршы күрөш мектептин эле эмес, үй-бүлөнүн да иши. Бала үйдө канча кант жеп жатканын ойлонуп көрдүңүз беле? Конфет, таттуулар жана газдалган суусундуктар жөнүндө сөз болуп жатат. Мына ошондуктан ата-энелер бул маселени чечүүдө өнөктөш болушу абдан маанилүү. Министрлик tamakash.edu.gov.kg сайтында билим берүү материалдарына мүмкүнчүлүк түзүүнү сунуштайт, бул үй-бүлөнүн негиздүү чечимдерди кабыл алуусуна жардам берет.
Мектеп ашпозчулары – көрүнбөгөн каармандар
Мектеп ашпозчулары үчүн И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунун, Республикалык компетенциялар борборунун Moodle платформасында, жана Equality.inaga платформасында жайгаштырылган атайын он-лайн курс бар. Программа балдардын организминин өзгөчөлүктөрүнөн тартып ооруларды алдын алууга чейинки маалыматтардын баарын камтыйт. 2025-жылдын башында бул курстан 396 адам өткөн, алардын салымы баа жеткис.
Андан ары эмне болот?
Министрлик бул жетишкендиктери менен эле токтоп калбайт. Туура тамактанууну жайылтууга багытталган жаңы демилгелер даярдалып жатат. Мугалимдердин, ата-энелердин жана аткаминерлердин биргелешкен аракети ийгиликке ачкыч болуп эсептелет. Себеби, балдардын ден соолугу – бул алардын эле эмес, бүткүл өлкөнүн келечеги!
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа
Иштеп чыккан : Colibri Studio