Программа жөнүндө

Бул  сайт Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын  сапаттуу жана жеткиликтүү тамактандыруусун уюштурууга жардам берүү үчүн түзүлгөн. Окуучулардын ден соолугун жана билим алууда  жетишүүсүн камсыздоо үчүн мектептерде туура тамактандыруунун тажрыйбасын калыптандырыш керек.

Силердин  балдарыңар  мектептерде кандай  тамактандырылып жатканын  жана аны кантип жакшыртса  болоорун билгиңер келеби? Ошону  менен катар, өздөрүнүн ден соолуктары  үчүн кандайча кам көрсө болооруна балдарыңарды  үйрөткүңөр келеби? Анда сиз бул жака!

Сиздер Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан мектептерде тамактандырууну уюштуруунун Улуттук программасы тууралуу пайдалуу маалыматтарды, Россия Федерациясы тарабынан каржыланып жаткан балдарды тамактандырууну оптимизация кылуу жөнүндөгү БУУнун БДАТП программасын жана башка донорлордун долбоорлорун ушул порталдын барактарынан таба аласыздар.

Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй,  окуучулар үчүн тамактандырууну уюштуруу – бул бир гана  чыгымдар тарамы болбостон, келечек муундардын ден соолугуна  болгон мамлекеттин олуттуу салымы. Мектептеги тамактандыруу балдардын  азыктануусуна жана ден соолуктарын жакшыртууга түздөн түз таасир этип,  билим берүүнүн негизи жана социалдык коргоонун чарасы катары каралат.  

Мектептеги тамактандыруунун реформасы балдардын тамактандыруусун уюштурууда ийгиликтүү тажрыйба топтогон БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана башка донорлордун колдоосу менен  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан ишке ашырылып келет.. 

Акыркы  жылдары башталгыч  класстардын окуучуларын  ысык тамак менен камсыз  кылууда маанилүү өзгөрүүлөр  пайда болду: көптөгөн мектептер  “Ысык тамак берүү” моделине өтүп  жатышат, Кыргыз Республикасында 150дөн  ашык тамактын түрлөрүн камтыган мектеп  окуучулары үчүн “Рецептер китеби” иштелип чыкты.  Ал тургай алыскы райондордогу мектептердин ашканаларында  тамакты заманбап жабдыктар менен даярдашып, мектеп ашпозчулары  такай адистигин жогорулатып келишет.

Мектептеги тамактандырууну жакшыртуу жалпы коомчулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ошол эле мектептер,  ата- энелер тарабынан кеңири колдоо тапканын баса белгилеп кетүү керек. Бул колдоонун натыйжасында 500дөн ашык мектепте  ысык тамак бериле баштады.

Өкмөт бул реформанын ийгилигине ишенип,  өз тарабынан аны ишке ашыруу жаатында бардык күч-аракеттерин жумшоодо.  Тийиштүү мыйзамдар кабыл алынып, көптөгөн стратегиялык документтер бекитилди. Эгерде мыйзам жалпысынан  башталгыч класстардын ар бир окуучусун ысык тамак менен камсыздоо боюнча кепилдик алса, бир катар укуктук – ченемдик актылар  тамак-аш азыктарынын сапатынан жана ар түрдүүлүгүнөн баштап, аны даярдоодогу санитардык-гигиеналык шарттарына чейинки талаптарын жөнгө салат.  

Ошондуктан  эл аралык донорлрдун  жардамы менен жүргүзүлүп  жаткан реформалар жакынкы жылдары  өз натыйжасын берет деп айтууга толук негиз бар.

Мектептердеги  тамактандыруунун  Улуттук программасы  жөнүндө. 

2006-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн  мектептериндеги тамактандырууну уюштуруу боюнча Улуттук  программаны ишке ашырып келет. Башталгыч класстардын окуучуларына  мектептен күн сайын тамак берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 7 сомдон 10 сомго чейин (регионго көз каранды) акчалай каражат  бөлүнөт. Бишкек шаарында мэриянын бюджетинен бир окуучунун тамагына күнүнө 14 сом, Ош шаарында мэриянын эсебинен  – 7 сом  бөлүнөт.

Бирок ,  тоюмдуулук  жагынан алып  караганда, мындай  рацион абдан эле жупуну  болуп эсептелет. Окуучуларга   болгону сүттөгөн чай менен булочка,  же башка кондитердик азык берилчү 

Мектептердеги  тамактандыруунун  жана жакшыртылган  менюну ишке киргизүүнүн  багытында Өкмөт Улуттук  саясат иштеп чыгууну көздөп,  буга чейинки калыптанган Программаны   оңдоону чечкен.   

2013-жылдан  тартып Программага  олуттуу өзгөртүүлөр киргизилип,  мектептерде ысык тамак уюштурула  баштаган. Бул маселе боюнча аларга  эл аралык уюмдар жана жергиликтүү жамааттар  колдоо көрсөтүшкөн.  

 Бүгүн   1485 мектептин (65%)  200 миңден ашуун башталгыч  класстардын окуучуларына булочка   менен чай акысыз ысык тамакка алмаштырылды.

2023 – жылга  карата балансташтырылган  ар түрдүү ысык тамак берүүгө  баардык мектептерди өткөрүү пландаштырылууда.

Мектептерди  ысык тамак берүүгө  өткөрүү эмне берет? 

  • балдарды   окутуунун шарты  жакшырат – мектептерде  заманбап жабдуулар орнотулган  ашканалар, муздак жана ысык суу,  канализация пайда болот;
  • балдар  сапаттуу,  балансташтырылган,  коопсуз тамак жешет;
  • балдардын  мектепке катышуусу  жана жетишүүсү жогорулайт,  аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн  балдарынын мектепке келүүгө кызыгуусу  артат. Курсагы ток балдар жаңы окуу материалдарын  да оңой кабыл алат. 
  • балдар  тамактануунун  жаңы режимине көнүп,  жакшы окушат жана толук  кандуу тамактанышат.

 БУУнун  БДАТП программасы жөнүндө 

2013-жылдан бери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим  Министрлиги жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын  колдоосу жана Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) жардамы менен өлкөдөгү   мектептерде ысык тамак уюштуруу Программасын ишке ашырып келе жатат.

Кыргыз  Республикасынын  билим берүү жана  илим Министрлиги мектептерде  туруктуу, натыйжалуу ысык тамак  уюштуруунун моделин иштеп чыгууга    жетишти. Бул модель азыркы учурда Өкмөт  тарабынан мектептерге акырындан киргизилип жатат.

Программанын  алкагында окуучулар  ар бир окуу күнүндө ысык  тамак (сорпо же ботко), жаңы бышырылган таттуу токоч  жешет жана компот ичишет. Мектептердин ашканалары заманбап жабдуулар  менен жабдылган. Ал эми ашканада иштеген ашпозчулар үчүн кесиптик деңгээлин   жогорулатуу боюнча тренингдер өткөрүлүп турат.  

“Кыргызстандагы кенже класстын окуучулары жыл бою сапаттуу жана пайдалуу ысык тамак менен камсыз болушун биз каалайбыз. Мектепте тамактандыруу баланын жалпы өнүгүү процессине таасирин тийгизет, региондордун жана жалпы эле өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн келечегине негизги шарт болгон жагымдуу билим алуу атмосферасын түзөт” – дейт  Кыргыз Республикасынын  билим берүү жана илим министри  Исаков Каныбек Абдуваситович.

Мектепте ысык тамак уюштурууну ишке ашыруу.

Негизги фактылар жана сандар. 

https://drive.google.com/file/d/1lfgeeubBizBbFmfWtoxu7NzdQp8dvlZA/view

Почта аркылуу жазылуу

Мектеп тамагын уюштуруу боюнча улуттук программа